Биз менен байланышыңыз

Скрипалдын кызы Англияда камоодо болушу мүмкүн

Март айында Англиянын Солсбери шаарында ууланып, эл аралык чууга себеп болгон орусиялык мурунку тыңчы Сергей Скрипалдын кызы Юлия июндан бери дайынсыз болууда. Анын сиңдиси Виктрия эжеси менен кабарлаша албай жатканын билдирди. Ал Юлия Скрипалды Лондондо камап турушат деп ойлойт.

«Англияда эжемди күч менен кармап турушпаганын ким айта алат? Эмнеге аны менен сүйлөшүүгө бир туугандарына, орус дипломаттарына уруксат беришпейт? Телевидениеге чыгып кайрылуу жасашына тыюу салышат? Менинче аны ЖМКдан алыс, сырткы дүйнөдөн ыраак аскердик базада кармап турушат»,-деп жазган Виктория Скрипаль.

Анын пкиринде Лондон Скрипалдарды Орусияга каршы колдонгон. Аларды Орусия уулагандай көрсөтүп Кремлге каршы санкцияларды киргизип, аны четке сүрүүнү көздөшкөн. Күнөөсүз, саясатттан алыс жаш кыздын ууланышын эл аралык коомчулуктун Орусияга каршы көз карашын ойготуу үчүн колдонушкан.

Эске салсак, 4-март күнү Орусиянын Борбордук чалгын кызматынын мурунку кызматкери Сергей Скрипаль жана анын кызы Юлия Солсбериде ууланып, Лондон буга Орусияны күнөөлөгөн. Жадагалса орусиялык эки жарандын Англияда жүргөн сүрөт, видеолорунан бери жарыялап, дал ошол эки тыңчы бул ишти уюштурганын айтышкан. Кремлдин кескин түрдө четке кагып, окуяны бирге иликтөөгө алуу сунушун Лондон укпай келет.

Copyright © 2017 Maral FM