Биз менен байланышыңыз

Жаңы жылга чейин интернет колдонуучулары 3,9 млрдга жетет

Дүйнө , Кыска кабар | 8 Дек 2018 | 773 | 0

Жаңы жылга чейин дүйнөдө интернет колдонуучуларынын саны 3,9 млрдга жетет. Бул тууралуу маалыматты Эл аралык электр-байланыш кеңешинен билдиришти.

Аталан уюм дүйнө калкынын 51,2 пайызы интернет колдонуучулар түзсө, рекорддук көрсөткүч болорун айтууда.

Африканын 24,4%, Европанын 79,6% калкы интернетти колдоно алат.

“Мындай маанилүү кадам маалыматтык коомдун дагы да кеңейишине шарт түзөт”,-деп кеңештин төрагасы Хоулин Чжао белгиледи.

Ошондой эле дүйнөдө көпчүлүк адамдар санариптик экономиканын колдонуу убактысын күтүп жатканын да кошумчалады.

Copyright © 2017 Maral FM