Биз менен байланышыңыз

Өлкөгө салынган инвестиция 1,3 эсеге азайды

Кыска кабар | 8 Дек 2018 | 547 | 0

Ушул жылдын январь-сентябрь айларында өлкөгө тартылган инвестиция 1,3 эсеге кыскарды. Мындай маалыматты Улуттук статистика комитети жарыялаган.

АГа ылайык, көрсөтүлгөн убакыт ичинде өлкөгө 345 млн доллар кирген. Андагы 84% каражат тоо-кен менен иш алып барган компанияларга, каржылык ортомчу ишканаларына жана камсыздандыруу тармагына келген.

Кыргызстанга келген инвестициялардын 36 % Кытайдан, 11% Нидерланддан, 7,5% Улуу Британиядан, 7% Түркиядан жана 5% Швейцариядан келген.

Copyright © 2017 Maral FM