Биз менен байланышыңыз

Президент: Айтматов — орус жана кыргыз маданиятынын өкүлү

Кыска кабар | 7 Дек 2018 | 820 | 0

Москва шаарында залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун эстелигинин ачышылы болуп, ага президент Сооронбай Жээнбеков да катышты. Бул тууралуу мамлекет башчынын аппаратынан билдиришти.

Анда президент Айтматовго бир эле Кыргызстанда эмес Орусияда да сый-урмат менен карай турганына ынанганын билдирди. Анда залкар жазуучунун бир эле кыргыз эмес орус адабиятынын да классиги экенин эске салды.

-Ал дүйнөгө кыргыз жана орус маданиятынын белгилүү өкүлү катары таанылды. Чыңгыз Төрөкулович өзү айткандай, кыргыз жана орус тилдери анын эки канатындай болгон. Улуу муун жакшы билет, жаштардын эсине сала кетейин. Айтматов учурунда Орусиянын өкүлү болуп, Люксембургдагы толук жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп турган.

Президент сөз сүйлөп жатып жазуучунун урматына арналган, октябрь айында өткөн Ысык-Көл форумун да белгиледи.

Кошумчалай кетсек, аталган иш-чарага Москва шаарынын мэри Сергей Собянин, Орусиянын маданият министри Владимир Мединский, Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Болот Отунбаев, Маданият маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкуловдор катышты.

Айтматовдун айкелинин узундугу 2 метр, 70 сантиметрди түзөт. Бул эмгекти орус жана кыргыз скульпторлору биргелешип жасашкан.

Copyright © 2017 Maral FM