Биз менен байланышыңыз

Афганистандык «Кичинекей Мессинин» өмүрү коркунучта

Дүйнө , Кыска кабар | 7 Дек 2018 | 870 | 0

Мындан эки жыл мурда желим баштыктан аргентиналык футболчу Лионель Мессинин формасын кийип алган беш жашар афганистандык бала эсиңиздерде болсо керек. Анын сүрөтү социалдык желеде жарыяланары менен дүйнө жүзү боюнча миллиондогон бөлүшүүлөр болуп, ал атактуу футболчу Мессиге чейин жеткен. Месси өзү элчилик кылган Unisef уюму аркылуу кол тамгасы коюлган футболдук форманы Муртазага жиберип, кийинчерээк Катар мамлекетинде өткөн достук беттешке да чакырган. Беттештин башталышында баланы да оюн талаасына бирге алып чыгып, анын кыялын орундаткан.

Бирок бул кубаныч учурда жетиге толгон Муртаза Ахмадинин үй-бүлөсүнө карата террордук талибан тобунун коркутууларына себеп болду. Террористтер Муртазанын бүлөсүнө футбол жылдызы акча бергенин айтышып, алардан акча талап кылышкан. Болбосо баласын алып коебуз деп опузалашканынан улам үйүн таштап, борбор шаар Кабулга качып келишти.

Муртазанын апасынын айтымында талибандар алардын Газнидеги үйүнө куралдуу кол салуу жасашканда эч бир буюмун албастан чыгып кетишкен. Жадагалса Муртазанын Месси берген формасы да калган.

Үй-бүлө мүчөлөрү жети жашар футбол сүйүүчү баласын көчөгө ойноого ээн-эркин чыгара албай калышкан. Жадагалса мектепке да өзү бара алчу эмес.

Учурда алар абал турукташканга чейин атайын качкындар жайында баш калкалап жатышат.

 

 

 

Copyright © 2017 Maral FM