Биз менен байланышыңыз

Айтматовдун эстелиги эми Москвада ачылат

Кыска кабар | 7 Дек 2018 | 1064 | 0

Бүгүн, 7-декабрда Москва шаарында залкар жазуучу Чынгыз Айтматовдун эстелиги ачылат.Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Эстеликтин ачылыш аземине учурда Орусияда жүргөн КР президенти Сооронбай Жээнбеков катышат.

Атактуу жазуучунун 90 жылдыгына арналган эстелик Москвадагы Айтматовдун атындагы гүлбакта тургузулган.

Эске салсак, жазуучунун 90 жылдыгына арналган ушундай эле эстелик жана парк ноябрь айында Беларусиянын Минск шаарында ачылган.

 

Copyright © 2017 Maral FM