Биз менен байланышыңыз

Англиядагы орус элчилиги кысымга учуроодо

Дүйнө , Кыска кабар | 7 Дек 2018 | 773 | 0

Англиядагы Орусиянын элчилигинин ишмердиги ар тараптуу кысымга учуроодо. Бул тууралуу элчиликтин өкүлү орусиялык басылмага билдирди.

Солсберидеги тыңчы Скрипалдын уулануусунан кийин орусиялык бир катар дипломаттарды «тыңчы» деп атап, өлкөдөн чыгарган Англия бийлиги эми элчиликтин ишин да тыкыр көзөмөлгө алууда. Элчиликтин билдиришинче алар орус тараптын тыңчылык иштеринин алдын алуу шылтоосу менен алардын британ коомчулугу менен байланышына катуу тоскоолдуктарды жасашууда. Анткен менен консулдук өз миссиясын аткаруу үчүн коомчулук менен жакын мамиледе болуусу абзел. Бирок Англия коопсуздук кызматы Орусиянын дипломатиялык кеңсесинин тегерегин блокадалап, аны башкалардан бөлүп салды.

Эске салсак, ушул жылдын март айында болгон ууландыруу ишинде британ бийлиги Орусияны күнөөлөп, аны Борбордук чалгын кызматынын өкүлдөрү ишке ашырганын жарыялаган. Кремлдин четке какканына карабай, Англия жана бир катар европалык мамлекет өздөрүндө иш алып барган ондогон дипломаттарды тыңчылыкка айыптап, «Persona non grata(жактырылбаган адам)» макамын берип, өлкөдөн чыгарып койгон.

Copyright © 2017 Maral FM