Биз менен байланышыңыз

Элчи: Орусияга кошумча санкция салуу пайдасыз

Дүйнө , Кыска кабар | 6 Дек 2018 | 561 | 0

Керч кысыгындагы кагылыштан улам Орусияга жаңы санкцияларды киргизүү эч кимге пайда алып келбейт. Мындай пикирин Германиянын Украинадагы элчиси Эрнст Райхель украиналык басылмаларга берген маегинде билдирди.

Элчинин айтымында Евробиримдик Москвага каршы санкцияларды кучөтүү маселесин кароодо. Бирок бул кырдаалды андан бетер курчутуп, конфликттерди тутантып салары анык.

«Германия учүн бул кагылышты токтотуу маанилүүрөөк. Башка бир катар мүчөлөр деле ушундай ойдо. Маселени кошумча санкцияларды киргизүү менен чеүу мумкүн эмес, бул тескерисинче абалды курчутуп жиберет»,-дейт Райхель.

Эске салсак, кээ бир өлкөлөр биримдик 2014-жылдан бери киргизип, ар алты айда жаңыланып туруучу санкцияларды тоготпой, өз айтканын бербей жатканына байланыштуу аларды катаалдантууну сунушташкан. Бирок ири көлөмдөгү узакка созулган санкциялар Орусияны эле эмес Евробиримдиктин кээ бир өлкөлөрүн дагы оор абалга кептеди.

Copyright © 2017 Maral FM