Биз менен байланышыңыз

Султанбекова: Саясаттан кеткенден кийин көбү депрессияга чалдыгат

Пикирлер | 5 Дек 2018 | 551 | 0

Саясаттагы туруксуздук адамдардын начардыгынан эмес, системанын жоктугунан улам болуп жатат. Мындай пикирин мурунку вице-премьер-министр, Жогорку кеңештин V жана VI чакырылыштарынын депутаты Чолпон Султанбекова “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, идеалдуу саясатчы кандай болушу керектигин аныктаган көрсөткүчтөр жок.

«Эгемендүүлүк алгандан бери кайсы саясатчыны карап багыт аларыбыз белгисиз болуп жатат. Азыр оюн эрежелери да, идеология да жок. Мунун бары системанын жоктугунан болуп жатат. Кимди карап багыт алабыз? Журт башчыныбы, саясий лөктөрдү карап багыт алабызбы? Көйгөй мына ушунда»,-дейт Султанбекова.

Ал саясатчылардын көпчүлүлүгү саясаттан кеткен соң депрессияга чалдыгарын айтат.

«Бирок менде андай болгон жок. Дароо эле бизнеске кирип кеттим. Бизнес — кызыктуу чөйрө. Анын үстүнө мамлекеттик кызмат энчиленип берилбейт. Ал убактылуу болот. Депутат болуп жүргөндө элге жакын болосуң. Эл менен жолугууга көп шарт түзүлөт. Мен өкмөткө келгениме өкүнбөдүм. Аткаруу бийлигинин ички ашканасы менен таанышып, чоң тажрыйба топтодум. Ар бир бийлик бутагынын өзгөчөлүктөрү бар»,-дейт Султанбекова.

Copyright © 2017 Maral FM