Биз менен байланышыңыз

2019-жылы мамлекеттик ипотекага 500 млн сом каралды

Пикирлер | 5 Дек 2018 | 838 | 0

2019-жылдын бюджетинде мамлекеттик ипотекага 500 млн сом каралды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаров “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, мамлекеттик ипотека үчүн жалпы жонунан 2 жарым млрд сомга чейин каражат берилген. Ипотека боюнча кийинки кварталда жаңы ыкмалар киргизилет.

«Өкмөткө бюджеттин эсебинен эмес өзүнчө банк ачып, анын тегерегине мамлекеттик ипотекалык компанияны бириктирүүнү сунуштап жатам. Эгерде жаран тоолуу аймакта жашаса, каражатын 1-3 жылга чейин банкка чогултат. Өкмөт анын үстүнө пайыздык чен менен каражат кошуп берет. Муну менен жаранда ипотека үчүн баштапкы төлөм пайда болот. Ал эми Бишкек жана Ош шаарларынын тургандары 3-5 жылга чейин кезекке турат. Элдин каражатын чогултуп мамлекеттик ипотекалык компания менен бирге иштеп кеткенге шарттарды түзүп жатабыз. Азыр бөлөк өлкөлөрдөн да бир топ инвесторлор бар. 2019-жылы бул механизм ишке кирсе, биз болбосок дагы балдарыбыз үйлүү болот«,-дейт Жапаров.

Copyright © 2017 Maral FM