Биз менен байланышыңыз

Путин географияны мыкты билгени үчүн ийгиликтүүбү?

Дүйнө , Кыска кабар | 5 Дек 2018 | 2769 | 0

Путиндин дээрлик бардык эл аралык конфликттерде жеңиштүү чыгышынын негизги себеби анын географиялык терең билиминде. Мындай жаңы корутундуну франциялык Figaro  басылмасы жарыялады.

Анда орус президентинин географиялык кенен түшүнүгү, дүйнөнүн саясий картасын жана бардык мамлекеттердин жана элдердин өзгөчө белгилерин өтө мыкты билгени Орусиянын эл аралык аренадагы бекем ордунда маанилүү ролду ойнорун айтышат.

Мисал катары Орусиянын Айыл чарба министри Александр Ткачевдин отчетун угуу учурунда чочко этин Индонезияга экспортоо тууралуу айтканын ката деп таап, «Индонезиянын калкынын 87%ы мусулман, чочко этин жешпейт. Анан кантип ал жакка аны экспорттойсуңар?»,-деген сөзүн келтиришкен.

Ошол эле учурда дүйнөлүк лидер деп таанылган Франциянын мурунку президенти Николя Саркози жана Жорж Буштун шииттер менен сунниттердин айырмасын билбегендигинин айынан Жакынкы Чыгышта чоң апаатка себеп болушканын белгилейт Figaro. Мындан сырткары Дональд Трамп Австралия менен Австрияны чаташтырып, Эммануэл Макрон болсо Франциянын ээлигиндеги Гвиананы арал деп билгенин кошумчалашкан.

Мунун негизги себеби катары батыш өлкөлөрүндө мектептерде география сабагынын жоктугу, болсо да өтө чабалдыгын аташкан. Ал эми Советтер союзунун билим берүү системасы буга чоң маани берип, анын таасири бүгүнкү кунгө чейин сезилип турарын айтышкан. Ошондуктан гео-саясий билими өлкө лидеринин эл аралык саясатта ким менен кандай мамиле кылуусунда чоң курал болуп, саясий-экономикалык деңгээлин көтөрөрүн жазышкан. Бул Путиндин мисалында анык көрүнөт деп белгилейт басылма.

 

Copyright © 2017 Maral FM