Биз менен байланышыңыз

Япониянын кышы +26 градус ысык

Дүйнө , Кыска кабар | 4 Дек 2018 | 1189 | 0

Быйыл Японияда кыш өзгөчө башталды. Демейде декабрь айында күндүн табы эң жогору +10 градуска жетсе, бул жолу +26.5га чейин көтөрүлдү. Бул тууралуу NHK телекомпаниясы жарыялады.

Күн чыгыш өлкөсүнүн көпчүлүк аймактарында аба ырайынын ысык болушу тынчсызданууларды жаратты. Метеорологдор жакынкы күндөрү жамгыр менен чагылган жана куюн күтүлөрүн эскертүүдө.

Ысык аба ырайынан япониялыктар жайкы кийимчен журүшөт. Жадагалса өлкөнүн эң түндүгүндө жайгашкан Хоккайдо аралында да абанын табы +16дан жогору болууда.

Кошумчаласак, көптөгөн майда аралчалардан куралган Япониянын климаты ар кайсы аралда айырмаланып турат. Түштүк аралдарында тропикалык климат басымдуу болсо, тундүк аймактар узакка созулган аяздуу кыш жана салкын жайы менен айырмаланышат.

 

 

Copyright © 2017 Maral FM