Биз менен байланышыңыз

ИИМ: Терек-Сайдын 14 тургуну убактылуу камакка алынды

Кыска кабар | 3 Дек 2018 | 575 | 0

Чаткал районунун Терек-Сай айылынын 14 тургуну милиция кызматкерлерине күч колдонгону үчүн камакка алынды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен маалымдашты.

Ага ылайык, 5-ноябрда “Шумкар” атайын багыттагы полкунун  кызматкерлери “Эти Бакыр Терек-Сай” алтын кен иштетүүчү аймакта кызматын өтөө учурунда 15 жергиликтүү тургуну милицияларга карата күч колдонуп, анын кесепетинен кызматкерлердин денесине зыян келтирилген.

6-ноябрь күнү бул факты боюнча Ала-Бука райондук ички иштер бөлүмү “бейбаштык” жана “Бийлик өкүлүнө карата зомбулук көрсөтүү” беренелери менен кылмыш ишин козгогон.

2-декабрда козголгон кылмыш ишинин алкагында жогоруда такталган бардык жарандар тергөө амалдарын жүргүзүү үчүн Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын Тергөө кызматына алынып келинген.

Учурда убактылуу камоочу жайда кармалып, тергөө иштери жүрүп жатат. Камакка алынгандардын жакындарына түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Опубликовано Токтайым Уметалиевой Воскресенье, 2 декабря 2018 г.

Copyright © 2017 Maral FM