Биз менен байланышыңыз

Украина бир суткада 50 орусиялыкты өлкөгө киргизбей койду

Дүйнө , Кыска кабар | 3 Дек 2018 | 548 | 0

Укриана чек ара кызматы акыркы бир сутканын ичинде Орусиядан Ураинага өткүсү келген 50 орус жаранын өткөрбөй койду. Бул тууралуу украин чек ара кызматынын спикери Андрей Демченко билдирди. Анын айтымында 50 орус жараны Украинага кирүүсүнүн максатын билдирбегени үчүн кое берилген жок.

Ошондой эле Демченко акыркы дем алыштарда Украинага кирүүнү каалаган орустардын саны эки эсеге кыскарганын жана  бул аптада Москва дагы 150 украиналыкты Орусияга  киргизбегенин белгиледи.

Мындан сырткары Беларусия тараптан Украинага кирүүнү каалаган 190 орус жараны да Минсктеги аэропорттон артка кайтууга мажбур болушкан.

Кошумчаласак, Украинанын президенти Петр Порошенко 16 жаштан 60 жашка чейинки орус жарандарынын өлкөгө кирүүсүнө тыюу салган. Муну ал мамлекетке киргизген өзгөчө кырдаалдар менен түшүндүргөн.

 

Copyright © 2017 Maral FM