Биз менен байланышыңыз

Жүргүнчүлөрүнө мыкты кызмат көрсөткөн авиакомпания аныкталат

Кыска кабар | 3 Дек 2018 | 846 | 0

Бир айдан бери жүргүзүлүп жаткан сурамжылоонун негизинде мыкты кызмат көрсөткөн авиакомпаниялардын баш сабында “Кытай түштүк аба жолдору” компаниясы турат. Мындай маалыматты Эл аралык “Манас” аэропортунун расмий сайтынан көрүүгө болот.

Бир айдан бери уланып жаткан сурамжылоого 3000 адам катышкан. Алардын берген добушуна ылайык, 2-орунда “Аэрофлот” турса,  үчүнчүлүктө“Түркия аба жолдору” компаниясы орун алган.

Сайтта авиакомпанияларды баалоо критерийлери каралып, анда жүргүнчүлөр борттогу кызмат көрсөтүүгө, тамак-ашка, балалуу жүргүнчүлөргө жана ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга жасаган мамилесине карап баа бериши абзел.

Добуш берүү 31-декабрга чейин жүргүзүлүп, көп упай чогулткан компания «Жүргүнчүлөрдүн тандоосу менен аныкталган жылдын мыкты авиакомпаниясы” наамына ээ болмокчу.

Добуш берүү үчүн төмөнкү шилтеме менен кирсеңиз болот. http://www.airport.kg/vote

Copyright © 2017 Maral FM