Биз менен байланышыңыз

Путин менен Трамп сүйлөштү

Дүйнө , Кыска кабар | 3 Дек 2018 | 566 | 0

Аргентинада өткөн G20нын саммитинде Орусия менен АКШнын президенттери Владимир Путин менен Дональд Трамп кечки тамак учурунда чай үстүндө салам-алик алышканын билдиришти. Бул тууралуу Ак үйдүн жана Кремлдин маалымат кызматтары жазышты.

Адаттагыдай саммиттен кийин журналисттер менен болчу маалымат жыйында Путин: «Мен Американын президентине Керчтеги абалды кыскача түшүндүрдүм. Ошентсе дагы анын өз позициясы, менин да өз көз карашым бар. Мындан эч бирибиз кайтпадык»,-деп белгиледи. Ал эми Трамп «Жума күнү каза болгон экс-президент Жорж Буштун (улуусу) бүлөсүнө урмат-сыйдын белгиси» катары пресс конференция берген жок. Серепчилер муну Трамптын өзүнө берилери күтүлгөн бир катар ыңгайсыз суроолордон качуусу катары баалашты.

Эске салсак, эки мамлекет башчыларынын толук форматтуу сүйлөшүүсү жайдан бери артка жылып, болбой келет. Ага көбүнчө АКШ жетекчисинин баш тартуусу себеп болууда. Буга чейин Парижде өткөн иш-чарада жолугары пландалып, расмий жарыяланганына карабай өтпөй калган. Аргентинада сүйлөшөбүз деген Трамп бул жолу да ыңгайы келгенде сүйлөшөрүн айтып, баш тартты. Буга Путин «Вашингтон качан даяр болгондо сүйлөшүүгө барабыз. Аларды кыстабайбыз»,-деген жообун берди.

Copyright © 2017 Maral FM