Биз менен байланышыңыз

Адилет Азимов: «Сүйүүмө жетпей калгам…»

Бир көрүп сүйүп калуу ар бир адамдын башынан өтсө керек. Мындай сезим Адилет Азимовдун башынан да өткөн экен. Ал бул тууралуу биздин «Желе шоу» программабызда айтып берди.

«2-курс окуп жүргөн кезимде бир күнү эшикте аябай катуу жамгыр жаап жаткан эле. Окуу жайдын алдында турсам бир маалда бир кыз өтүп баратканын көрүп калдым. Ошол кызды бир көрүп эле сүйүп калдым. Ошол замат аркасынан түштүм, кайсыл жака баспасын артынан ээрчип кете бердим. Ошол күнкү болгон жумушумду дагы унутуп калдым. Анан баягы кыз бир маалда ашканага кирди, мен дагы аркасынан кирдим. Кирип эле аркасында отурдум кайра кайра карап коем. Ошондо бир көрүп сүйүп калуу ушундай турбайбы деп ишендим. Анан ал  кыз менен кантип таанышуунун айласын таппай, акыры бир баланы чакырып ага акча берип ошол кыздын номерин же болбосо социалдык тармактардагы атын таап бер деп жибердим. Анан  бала ушунчалык тыңдыгынан мага бүт таап берди. Үйгө барып эле соц.тармактардан таап дароо жаздым. Бирок таптакыр жооп бербей койду. Үмүтүмдү үзбөй кайра кайра жаза бердим. Бирок таптакыр мага маани бербей койду. Иштеген жерин окуган жерин карайын десем дагы андай маалыматтар жазылбаптыр. Ошол кызды туптуура үч жума күттүм,  үч жума сүйүп ушунчалык катуу кыйналдым. Акырында үмүтүмдү үздүм дагы , ойлонбогонго аракет кыла баштадым. Ошентип унутканга аракет кылып атып , ал дагы унутулду. Ошондон бери андай сүйүүгө кабыла элекмин.»— дейт бир көрүп сүйүп калган Адилет Азимов.

Copyright © 2017 Maral FM