Биз менен байланышыңыз

Адилет Азимов: «Нурчолпон экөөң кыз-жигитсиңерби?» — деп көп сурашат (видео)

Көңүл ачуу , Марал шоу | 26 Июн 2019 | 1576 | 0

Бул жигиттин атын укканда, Нурчолпон экөө аткарган «Дарак ыры» тасмасынын саундтреги «Эсен менен Бегимайдын ыры» кулагыбызга жаңырат. Ооба, бул жигиттин жылдызын да ошол тасма жандырды десек ашыкча болбос. «Эсендин ырын» эң сонун ырдап, элге тааныла алган ырчы Адилет Азимов жакында эле тамашалуу клип тарттырды. Ушул клип багытындагы жана башка суроолорубузга «Желе шоу» программабыздын куттуу төрүндө жооп берип, маек куруп берди. Эмесе, ошол маектин урунттуу жерлерин сунуштайбыз.  

— Саламатсызбы, Адилет мырза? Жакында эле сиздин аткарууңуздагы «Сүйүү кечи» аттуу ырга тамашалуу клип тартылды. Маектин башын дароо эле ушундан баштагым келип турат. Ырды тандап алууңуздун себебин, клиптин жаралуу тарыхын кененирээк айтып берсеңиз…

— Бул ырды бир байке сунуштап калды. Чыгарманын автору Бек Борбиев агабыз. 2000-жылдары жазылган эски ыр экен. Мурун укпагангабы, айтор, көпчүлүк: «Чын эле Бек Борбиевдин ырыбы?» — деп сурашат. Анан ошол ырды жөн эле жаздырып, радиого берип койбостон, клип да тарталы деп чечтик. Сокулук районундагы Жыламыш деген айылдан тартып келдик. Баш-аягы 2 күн убакыт кетти. Тартып бүтүп эле телеканалдарга сунуштадык.

— Негизи өзүңүздүн стилиңиз башкача. Тамашалуу клипти эл кандай кабыл алды?

— Жакшы кабыл алып жатышат. Айрыкча чет өлкөдө жүргөн жердештерибиз көрүп алып ностальгия болот го деп турам. Клиптин сюжети айылдын жашоосун билбеген шаардык кыз жөнүндө. Негизи эле айылдык балдарга шаардан келген кыздар өзгөчө ак куу болуп көрүнөт эмеспи. Анын сыңарындай, клипте үч жигит шаардык кызга ашык болуп калат. Клип тартылган айыл да бизди колдоп, сүрөп беришти. Ал тургай, клиптеги күчүктү да ошол айылдан алдык. Муну менен эле токтоп калбайлы деп, жакында «Ачууланбачы» аттуу ырды жаздырып жатам. Буюрса, бул ырдын клиби да өзгөчө болот.

— Сиздин Гүлнур Сатылганова жана Нурчолпон менен дуэт аткарганыңызды жакшы билебиз. Сунуш кимден түштү? Дегеле кандайча чогуу ырдап калдыңыздар?

— Нурчолпон менен бирге аткарган ырды «Ютуб» каналына жайгаштырганбыз. Эл жакшы кабыл алды. Дегеним, бир да жамандаган комментарий жазышпаптыр. Негизи азыр жаман пикирлерди көп калтырып калышпадыбы. Кудай буюруса, Нурчолпон экөөбүз башка да дуеттерди жаздыралы деген пландар бар. Анткени, үнүбүз бири-бирибизге төп келишет экен. Экөөбүз тең классикага басым жасайт экенбиз.

Ал эми Гүлнур эже менен чогуу аткарган ырды Чыңгыз Турдубеков сунуштаган. Ыр сурап барсам, «Бул ырды жалгыз ырдабай Гүлнур Сатылганова эжекебиз менен ырдасаң абдан сонун болмок», — деген оюн айтты. Анан ал ырды телефонго жаздырып, Гүлнур эжеге угузуп көрдүм. «Ыр жакса дует аткаралы, сиз макул болсоңуз, аранжировкасын жасата берейин», — дедим. Угуп эле дароо макул болду. Ал тургай, «Клибин өзүм тарттырып берем», — деди. Негизи мен ал нерсени күткөн эмесмин. Гүлнур эжекебиз жаштарга колдоо көрсөткөн адам, учурдан пайдаланып терең ыраазычылыгымды билдирем.

— Нурчолпон экөөңүздөрдү сүйлөшүп жүрөт деп уктук?..

— Негизи, тааныштардын көбү: «Экөөңөр бири-бириңерге жарашасыңар, кыз-жигитсиңерби?» — деп көп сурашат. Эфирден пайдаланып айта кетерим, ортобузда андай мамиле жок. Болгону ага-карындаш катары элебиз.

— Угармандарда: «Ушундай таланттуу уулду тарбиялаган ата-эне ким болду экен?» — деген суроо пайда болушу мүмкүн. Алар тууралуу да айта кетсеңиз…

— Апам — актриса, ырчы. Атам да жакшы ырдайт. Буюрса, жакында, «Ата-эне-бала» аттуу трио жаздыралы деп жатабыз. Чыгармачылыгыма кызыккан көрөрмандардын эсинде болсо, алар мен аткарган «Махабат» аттуу ырдын клибине тартылышкан.

— Алдыда кандай пландарыңыз бар? 

— Быйыл 6-7 клип тарттырайын деп жатам. Буюрса, чыгармачылыкка билек түрө киришем. Анан жакында жеке концертимди берсем деген оюм бар. Ошого даярдык көрүүдөмүн.

Copyright © 2017 Maral FM