Биз менен байланышыңыз

Сардар Туркменов чыгармачылыкка кайрадан аттанды

Көңүл ачуу , Кыска кабар | 8 Янв 2020 | 730 | 0

Таланты көмүскөдө калбаган, чыгармачылыкка кызуу киришип баштаган, “Дельмар” тобунун экс-солисти Сардар Туркменов кайрадан чыгармачылыкка кызуу аттанып жатат. Бул тууралуу ал Маралга берген маегинде билдирди.

-Мен үчүн эң жакшы жыл болду. 2019-жыл чыгармачылык жолдо талыкпастан эмгек кылып, кызуу киришкен чагым болду. Төрт клип тарттырып ,4 ыр жаздырдык. Келинчегим, ата-энем түрткү болушту. Ырларым сүйүү, жаңы жыл тууралуу болуп, орус тилинде да аткарып чыктым. Менин жөндөмүмдү үч жашымда апам байкап калган экен. Ошол убакта “малыш” аттуу кичинекей аккардеондор бар болчу. Мен аны туулган күнүмдө белекке алган экенмин. Аккардеонду алып, асынып эле ойноп баштаптырмын. Муну байкап калган апам музыкалык окуу жайга өтүүмдү каалап, ошол боюнча ыр дүйнөсүнө аралашып жашап келем.

Эске салсак, Сардар Туркменов айтылуу “Дельмар” тобунун экс-солисти болчу.

Copyright © 2017 Maral FM