Биз менен байланышыңыз

Темир Дамирбеков: «Клип тартуу үчүн онунчу кабаттан аркан менен түштүк»

Ырчы Темир Дамирбеков «Жүрөгүңдү ач» аттуу ырына клип тарттырды. Бул тууралуу ал өзү «Маралга» билдирди.

«Буйруса жакында, жаңы эмгегибизди жалпы элге суналы деп жаткан чагыбыз. Чындыгында, эң оор клиптердин бири болду. Анткени, онунучу кабаттан бешинчи кабатка аркан менен түштүк. Атайын коопсуздук курларын тагынууга туура келди. Өзгөчө кылганга аракет кылдык, сиздер үчүн жакшы сюрприз бар. Кызыктуу окуялар, юмор камтылган жакшы эмгек жараттык. Жалпысынан элге жагат деген үмүттөмүн», — деди ал өз сөзүндө.

Copyright © 2017 Maral FM