Биз менен байланышыңыз

Алмаз Шаадаев: «Эки жүрөк» деген ырымдын клиби түрмөдө тартылды

Кыска кабар | 24 Окт 2019 | 1070 | 0

Учурда ырчы Алмаз Шаадаев «Эки жүрөк» аттуу ырына клип тарттырып жаткан учуру. Бул тууралуу ырчы төмөнкүлөрдү айтып берди:

«Аты айтып тургандай эле, чыгармада сүйүү темасы чагылдырылып берилген. Бирок өзгөчөлүгү дагы жок эмес. Клипте кыздын сүйгөн жигити түрмөдө болот. Бирок ага карабай кыздын сүйгөнүнө болгон сезимдери өчпөйт. Муну менен биз жашоодо сүйүү эч нерсеге багынбай тургандыгын чагылдырып берели дедик. Клиптин идеясы клипмейкер Эрнист Сыдыковго жана менеджерим Индира эжеге таандык».

 

Copyright © 2017 Maral FM