Биз менен байланышыңыз

 30 өнөрпоз Өзгөнгө гимн чыгарды

Кыска кабар | 24 Окт 2019 | 1677 | 0

Өзгөндөн чыккан 30 өнөрпоз биригип, кичи мекенине гимн арнашты.  Бул тууралуу чыгармачыл топтун мүчөсү Талант Сагынбаев төмөнкүлөрдү билдирди:

«Өзгөн өнөрпоздорунан турган бул топтун башын бириктирген Мунара Алимжанова. Ал эми ыр менен клипти ырчы Кенже Дүйшеева эжебиз сунуштады. Бул топтогу адамдардын баардыгы маданияттын өкүлдөрү. «Жалпы журтубузга арнап, бир ыр чыгара албайбызбы?» —  деген ой келип, анан ушундай жакшы нерсе жаралып жатат. Ырыбыздын аталышы — «Өзгөнүм», сөзү  акын, тамада Канат Эргешовго, обону Гүлзада Рыскуловага таандык. Учурда Өзгөндө тартуу иштерин баштадык. Негизги максатыбыз — элибизди, жерибизди даңазалап чыгаралы дедик. Бул нерсе Өзгөн өнөрпоздорунун биргеликте чыгарылган биринчи эмгеги десек болот. Кошумчалай кетчү нерсе, ушул ыр Өзгөн жергесинин гимни дагы болуп калат. Негизинен, бир эле Өзгөндү эмес, улуу өлкөбүздүн  жаратылыш кооздугун күйөрмандарга жеткирип берели деп ойлодук».

«Буюрса, элибиз жакшы кабыл алат деп ишенебиз»,-  деп кошумчалады.

 

Copyright © 2017 Maral FM