Биз менен байланышыңыз

Адилет Азимов: «Азыр мага үйлөнүүгө болбойт…»

Көптөгөн күйөрмандарынын жүрөгүнөн өзүнүн өзгөчө үнү менен орун тапкан эстрада ырчысы Адилет Азимов «Желе шоу» программабыздын кезектеги коногу болду. Анын азыркы учурда үйлөнүү тууралуу таптакыр планы жок болгондугун айтып, төмөнкүлөргө токтолду.

«Продюсерим менен иштешип баштаганына байланыштуу ортодо контракт бар. Ал жерде кыздар менен сүйлөшпөйм, жадагалса социалдык тармактардагы жазган кыздарга жооп бербейм деген колду коюп бергем. Жана кыздар менен сүйлөшүү, үйлөнүү азыр планда жок. Бул нерсеге мен эле эмес, ата-энем дагы кол коюп берген, контракты чогуу түзгөнбүз. Эгерде бир адамды ушунчалык катуу сүйүп калсам дагы, бир катуу баштаган жумушумду аягына чыгышым керек. Ырчы болом деп кетирген ушунча убактымды, ушунча аракетимди мен жөн эле таштап кете албайм, анын үстүнө контрактагы нерсени мен кечип таштап кетүү мүмкүн эмес.
Учурда үй салып ремонт иштери болүп жаткан, үй бүтүп бараткан сайын ата-энем эми үйлөнүшүң керек го деп кыйытып айтып калышат. Бирок мен дароо эле контракты эстетип, өзүңөр көрбөдүңөр беле өзүңөр кол коюп бербедиңер беле деп, бул теманы жаап коём.»-дейт эстрада ырчысы Адилет Азимов.

Copyright © 2017 Maral FM