Биз менен байланышыңыз

«Ырчы, тамада, улакчылар да салык төлөшү керек»

“Марал” радиосунун “Талаш талкуу” программасында «Ырчы менен тамада мамлекетке салык төлөшү керекпи?» деген суроонун алкагында угармандардын пикирин угуп көрдүк.  Берүүнү Мирлан Самыйкожо алып барды.

Бизге байланышкан угармандардын 81% ырчы менен тамада мамлекетке салык төлөшү керектигин айтса, 8 угарман алардан салык алуу уят деген пикирде. Төмөндө айрым угармандардын ою менен бөлүштүк.

Угарман:

Ырчылар салык төлөбөсө анда илгеркидей болуп айылдарды кыдырып бекер ырдап беришсин.

Өзүн сыйлаган ар бир адам салык төлөп, патент алышы керек.

Карап турсак таланттуу адамдар көп. Футболчулар милларддаган каражат табат. Бирок топ тээп койгонуна да салык төлөшөт. Андыктан ырчылар дагы салык төлөшү керек. Мамлекетке баарыбыз бирдейбиз. Ырчыларга унчукпай койсоң алар мамлекеттен салык алгысы келет.

Зураида:

Артисттердин баары тойго барып ырдап, тамада болобу? Балким алар бир ай акча табат да, калган айларда үйдө отурушат. Ушул жагын да эске алалы. 20-30 жыл иштеп бир батир ала албай көзү өтүп кеткен артисттер да болгон. Азыр ырчылар өз арабасын өздөрү тартып жатат. Же мурда мамлекет ырчыларга көңүл бурду беле? Эми алар беделине келип каражат таап калса тытмалаганыбыз уят!

Ынтымак:

Төлөшү керек. Базар экономикасынын шартында жашап жатабыз. Алар салык төлөшпөсө мамлекет өнүкпөйт.

Жакшылык:

Төлөшү керек. Бирок тойлор көбүнчө күзүндө болот. Калган айларда каражат түшпөсө кантип салык төлөшөт?

Адилет:

Такси айдагандар күнүнө 1 миң сом тапса МАИ кызматкерлери патент ал деп 100 сом кармап калат. Ырчылар дагы салык төлөшсүн. Керек болсо ар бир чыгармасына төлөшсүн.

Бакыт:

Салык төлөшү керек. Мен деле курулуш тармагында иштейм. Патент алып салык төлөйм. Эреже баарына бердей болушу керек.

Ырыскул:

Тамада, ырчылар салык төлөшү керек. Себеби аларга мамлекет наамдарды берип жатат.

Whatsapp:

Салык төлөшү керек. Ырчылар, тамадалар элден башкачабы?

Ушу артисттерге асылбай эле койсоңор болот. Булардан салык алуу уят.

— Кызмат көрсөтүү тармагында акча тапкандар салык төлөшү шарт. Ырчы, тамадалар таза кирешелеринин 10%ын мамлекетке салык катары төлөшү керек.

— Ырчы тамадалардын кызмат акысын чектеп койгон оң.

— Тамадалар бүгүнкү күндө бай. Андыктан салык төлөшсүн же тойлорду арзанга алып барышсын. Тамадалык бизнеске айланып кеткен.

— Башка кесиптин ээлери баары салык төлөп эаткандан кийин булар да төлөшү керек. Ырчы, тамада болсо эмне экен?

— Фонограмма менен 2 ыр дап койсо 200 доллардан 2000 долларга чейин акча алышат. Андыктан салык төлөшү шарт. «Ырчы, тамадалар салык төлөбөсүн» дегендер ошол ырчы, тамадалардын туугандары.

— Ырчы менен тамадалар патент алып салык төлөшпөсө кийин пенсияга кантип чыгышат? Ырчылар да арзан кызмат кылса болот. Тамадалар салык төлөбөсө да болот.

— Салык төлөгөн менен салыкчылардын чөнтөгү толот. Эртең үйдө жумушсуз отургандардага да «салык төлө» дешет.

— Ырчы, тамада, улакчылар да салык төлөшү керек.

Маданият, маалымат жана туризм министрлигине караштуу Улуттук маданий борборунун башкы директору Жумакадыр Курмангалиев:

Ырчы менен тамадалардын баары бирдей эмес. Бирок тойго барып жүргөндөр патент алышы керек. Айрым ырчылар патент менен эле иштеп жүрөт. Менин жеке оюмда ырчылар бир айга патент алып салык төлөсө болот. Ар бир ырчы же тамада өз абийири менен мамлекетке салык төлөшү керек. Ырчылар бир жылда канча мамлекеттик маанидеги ишке катышканын изилдеп жатабыз. Айрым ырчыларды бир иш-чарага чакырсак гонорарын айтып туруп алат. Мамлекеттик иш-чара болуп жаткандыктан гонорар төлөнбөйт. Эми аларга наам берүүдө мамлекеттик маданий иштерге активдүү катышканына да карашыбыз керек. Бул боюнча иштер жүрүп жатат.

Copyright © 2017 Maral FM