Биз менен байланышыңыз

Меркель учагы бузулуп, G20 саммитинин биринчи күнүнө катыша албады

Дүйнө , Кыска кабар | 30 Ноя 2018 | 611 | 0

Германиянын канцлери Ангела Меркель бараткан учак абага көтөрүлгөндөн бир саат өтпөй кайра конууга аргасыз болду. Ага учакта жаралган техникалык мүчүлүштүк себеп болгон. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазышты.

Өкмөттүк аба кемеси канцлерди Аргентинанын борбору Буэнос Айресте өтө турган G20нын саммитине алып бараткан. Берлинден көтөрүлгөнүнө бир саат өткөндө Нидерландынын үстүнөн кайра кайтып, Көлн шаарынын аба майданына конду. Ал жерден канцлер  запастагы учакка олтуруп, жолун улады. Бирок саммиттин биринчи күнүнө кечигип, Аргентинанын президенти Маурисио Макри менен пландалган эки тараптуу сүйлөшүү болбой калды.

«Мен башында Германияда бир нерсе болгон го деп кабатырланып кеттим. Кийин борт коштоочу абалды тушүндүргөндө гана тынчтандым. Учактын экипажы абдан мыкты болчу, мен ыраазы болдум»,-деп билдирди Меркель.

Эске салсак Германиянын өкмөттүк учагы буга чейин да техникалык мүчүлүштүктөрдөн улам башчыларды жарым жолго калтырган жайы бар. Алсак, өткөн жылдын февраль айында Коргоо министрин Литвага алып барган аскердик жүргүнчү учагы бузулуп калган. Мартта болсо ушундай эле маселенин айынан Меркелдин Каирге сапары үзгултүккө учураган.

Copyright © 2017 Maral FM