Биз менен байланышыңыз

Акыйкат Соңкөлбекова: «Жалил Сыдыков мен үчүн ыр жазган…»

«Желе шоу» программабыздын кезектеги коногу Акыйкат Соңкөлбекова кызыктуу маек куруп берип, ага Жалил Сыдыковдун өлөөрүнүн алдында ыр белек кылганын айтып берди.

«Айылдаштарыма» деген ырымдын обону Жалил Сыдыковго таандык, сөзүн Тургунбек Бекболотов жазып берген. Жалил Сыдыков бул ырды мен үчүн жазган, көзү өтөөрүнө аз калганда ушул ыр мага берген акыркы белеги десем болот. Бул ырды мен башкалардай болуп бир жумада, же бир айда эле ырдап чыккан жокмун. Мен бул ырдын үстүндө эки жыл иштедим. Ар бир нотасына, ар бир үтүр чекитине чейин көңүл буруп кантип элге жеткирсе болот деп эки жыл эмгегимди ушул ырга жумшап элге сунгам. Анткени бул өтө чоң белек жана ошол эле учурда чоң жоопкерчилик болчү» -деп кошумчалады ырчы айым.

Copyright © 2017 Maral FM