Биз менен байланышыңыз

Украина НАТОдон согуш кемелерин сурады

Дүйнө , Кыска кабар | 29 Ноя 2018 | 822 | 0

Украинанын президенти Петр Порошенко НАТОдон Крымга согуштук кемелерди жиберүүсун суранды. Бул тууралуу ал германиялык Bild басылмасына берген маегинде билдирди.

«Германия биздин эң жакын өнөктөштөрүбүздүн бири. НАТО менен бирге Укураинанын коопсуздугу жана бейпилдиги үчүн аскердик кемелерди Азов деңизине жөнтөөрүнө ишенебиз. Путин башында Крымды бөлдү, кийин Чыгыш Украинаны, эми болсо Азов деңизин бүт бойдон ээлөөгө аракет кылууда. Эгер биз токтотпосок кийинки кадамы кандай болмок деген суроо жаралат»,-деди Порошенко.

Ал арада Орусия лидери Владимир Путин Порошенкону келе жаткан жылы боло турчу президенттик шайлоодо колдоолорду алдын ала  бекемдөө үчун Азов деңизинде провокация уюштурду деп айыптады. Ошондой эле ал бул окуяны кичинекей бир түшүнбөстүк катары баалады.

Ал эми НАТО өзүнө мүчөлүккө талапкер Украинаны аягына чейин колдоорун билдирди.

Эске салсак, 25-ноябрь күнү украиналык үч аскердик кеме Азов деңизинин Керч кысыгындагы орусиялык акваторийге уруксатсыз кирди делип кармалышкан. Орусиянын коопсуздук түзүмдөрү аларды мамлекеттик чек араны мыйзамсыз бузуу беренеси боюнча соттоодо. Ал эми Киев Орусияны согуштук агрессияга барды деп күнөөлөп, эл аралык коомчулуктан жардам сурады.

Copyright © 2017 Maral FM