Биз менен байланышыңыз

Камакка алынган кытайдагы кыргыздардын абалы боюнча талкуу өтөт

Кыска кабар | 28 Ноя 2018 | 1421 | 0

29-ноябрда кытайлык кыргыздардын учурдагы абалы боюнча коомдук талкуу өтөт. Мындай маалыматты уюштуруучулар билдиришти. Иш-чарага Кытайда камакка алынган кытайлык кыргыздардын жакындары жана каалаган жарандар катыша алат.

Буга чейин Кытайда жакындары камакка алынгандар президент Сооронбай Жээнбековго кайрылуу жолдоп, бул маселе парламентте да көтөрүлгөн. Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков бул маселе боюнча текшерүү жүрүп жатканын маалымдаган.

Жөнөтүлгөн катта так эмес маалыматтарга караганда, учурда Шинжандагы саясий тарбия берүүчү лагерлерде 50 миңдей кыргыз кармалып жатканы айтылган. Алардын арасында профессор Мамбеттурду Мамбетакун, академик Аскар Жунус, редактор Кабылкан Садыктар да бар экени жазылган.

ТИМ: Кытайдагы кыргыздар тууралуу маалыматтар текшерилүүдө

М.Салимов: Кытай арызданган адамдардын гана жакындарын камактан бошотууда

Кытайда кыргыз интеллигенттери да кармалган (тизме)

Кытай мусулман уйгурларды кантип “тарбиялоодо»?

Copyright © 2017 Maral FM