Биз менен байланышыңыз

Кытайда кыргыз интеллигенттери да кармалган (тизме)

Кыска кабар | 26 Ноя 2018 | 1730 | 0

Кытайда кармалган кыргыздардын арасында интеллигенция өкүлдөрү да бар. Бул тууралуу кытайлык кыргыздардын туугандары президент Сооронбай Жээнбековго жолдогон кайрылуусунда билдиришкен.

Анда Шинжаң аймагында “кайра тарбиялоо лагерлеринде” 50 миңге чукул кыргыз негизсиз кармалып олтурат. Катарында интеллигенция өкүлдөрү да бар деп айтылат.

“Интеллигенция өкүлдөрүнөн профессор Мамбеттурду Мамбетакун, тарыхчы Аскар Жунус сыяктуулар, ал эми катардагы кыргыздардан Абуталып Саамый, Султан Жасын, Малик Масмакун, Турдакун Абылет, Кенжакун Жумаалы, Сүйүналы Жүсүпэмет, Сулайман Орозобай, Амантур Малик, Мүсүралы Үсөн, Камза Салымкожо, Абдылда Асанакуновдор камакта олтурат”, — деп жазылат.

Кытайдагы кызылcуулук кыргыздарды колдоо комитети алардын абалы тууралуу айтып, бошотуу үчүн жардам сурап фейсбук баракчасында билдирүү жасаган.

Белгилей кетсек, учурда Кытайдын Шинжаң-уйгур автоном районунун Кызыл-Суу Кыргыз автоном аймагында 160 миңге жакын кыргыз жашайт.

Кыргыз Республикасынын Президенти Шарип уулу Сооронбай Жээнбеков мырзага, Кытайдан келген кайрылмандардан жана…

Опубликовано Кытайдагы Кызыл-Суулук Кыргыздарды Колдоо Комитети Воскресенье, 25 ноября 2018 г.

Copyright © 2017 Maral FM