Биз менен байланышыңыз

Франциянын премьер министри «сары жилетчендерди» кабыл алат

Дүйнө , Кыска кабар | 28 Ноя 2018 | 551 | 0

Францияда бензинге болгон салыктын жана баанын көтөрүлүшүнө каршы чыккан «сары жилетчендер» акциясынын уюштуруучуларын өкмөт башчы Эдуар Филипп кабыл алмай болду. Бул тууралуу ал BFMTV каналына берген маегинде билдирди.

Мындан мурда президент Эммануэл Макрон нааразылык акциясынын катышуучуларынын талаптарына көңүл буруп, өкмөт экологияны коргоо максатында бензинге болгон салык наркын түшурбөсүн, бирок коомчулуктун тынчсыздануусун да түшүнүп жатканын айткан эле. Мындан сырткары күйүүчү майга болгон салык 2009-, 2014-жана 2015-жылдары көтөрүлгөнүн эскерткен.

Өкмөт башчы Эдуар Филипп бензинге болгон салыктын жаңы тарифи 2019-жылдын 1-январынан тарта күчүнө кирерин тастыктады. Бул күйүүчү майга болгон баанын жогорулашына алып келери бышык.

Буга каршы 100 миңдей жаран 17-ноябрдан бери Франциянын көчөлөрүнө чыгышып, өкмөттүн бул чечимин өзгөртүүсүн талап кылышууда. Митингдер кээ бир жерлерде башаламандыктар менен коштолуп, натыйжада 130 киши  кармалып, сурак берүүдө.

Эске салсак 2018-жылы эле Францияда дизель майына болгон баа 23%га, ал эми бензиндики 15%га кымбаттаган.

Copyright © 2017 Maral FM