Биз менен байланышыңыз

Ош: Ишкерлер кимге ишенсин?

Коом | 28 Ноя 2018 | 718 | 0

Ош шаарында жаңыдан тейлөө кызматына аралашып баштаган ишкер Жасур Парпиев кээ бир мамлекеттик кызматкерлердин ыдыгынан жадагандыгын социалдык баракчасына жазып чыкты. Бул билдирүү социалдык тармактарда талкууга жем таштады.

Жаш ишкердин айтымында, чоң муштумдар, айрым мамлекеттик кызматкерлер  кафесинен тамактанып анан акчасын төлөбөй коюшат. Бул бир жолу эмес, бир нече ирет кайталанып жатканын айтат. Алардын айынан ашкананын чыгымы өсүүдө. Мындай көрүнүшкө акыркы жолу мамлекеттик органда иштейм деп өзүн таныштырган жаранга туш болгон. Ал алган тамагына акча төлөбөй коркутууга да жетишкен.

-Тамакты көбүрөөк салдырып,анын акчасын берген жок. Мен бул жактан келдим дейт. Анан мен «ал жактан келсе эмне экен?»-десем, «Мен шефке алып барам,»- деди. Апам да «төлөбөйсүңбү» десе, «Мен силерге тийбей жатам го. Жөн эле бере бербейсиңерби? Эми ушуга банкрот болуп каласынарбы?»-деп айтты. Ал мамлекеттик кызматкер,милиция экен. Тамакты алып кетип атып да силер менен башкача сүйлөшөм деп коркутту.Анан фейсбуккка жарыялоого аргасыз болдум.

Айрым ишкерлер мындай учурлар бир гана Жасур Парпиевде гана эмес башкаларында да болуп жатканын айтышууда. Бирок бул  коомчулукка ачык чыкпайт. Анткени ишкерлерди карактаган чоң муштумдар опузалап коёт. Андан улам алардын айтканын кылууга туура келерин жеке ишкер Жунус Каримов айтты.

-Мындай учур биринчи жолу катталып жаткан жок, албетте. Бизге «баланча-түкүнчө» келиптир анан алар мынтиптир-тигинтиптир, мынча салык салыптыр» деп айтышат. Андайлар туурасында жакшы эле кабарыбыз бар. Бирок аны ачыктай албайсын. Муну ар бир ишкерден сурамжылоо кылып көрсө, ачыкка чыкса керек. Бирок баары бир айтканга коркушат. Ал эми Жасур мырза туурасында айтсам, ал жаңыдан эле ишин баштап жаткан. Буга материалдык, маралдык чоң чыгым болду деп эсептейм.

Учурда Жасур Парпиев иши тууралуу боюнча Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын ички иликтөө кызматы иликтөөгө алган. Жеген тамагына акча төлөбөгөндөр сөзсүз жоопко тартыларын башкармалыктын маалымат катчысы Замир Сыдыков билдирди.

-Эгер ушундай бекер жеп-ичкичтер болсо андайларды жоопко тартыш керек. Ушунтип баары чогулуп алып, милиция же башка органдан барып эле зоокурлук кылатурган болсо сөзсүз жооп берет. Учурда башчы буларга каттуу жаза тартылсын деп буйрук берди. Ал эми кафе-ресторан иштеткендерге мындай маселе болсо туз мага байланышкыла деп өзү баарына жолугуп чыгууда.

Ишкер чөйрө ишкерлерди колдоо сөз менен гана айтылып калып калганын айтышууда. Иш жүзүндө ишкерлердин ишмердүүлүгүн илгерилетүү көмөк жок. Ошол эле учурда Укук коргоо жана салык органдары ишкерлердин кемчиликтерин издөө менен алек дейт Оштогу  ЖИА бизнес-ассоциациясынын аткаруучу директору Бектурсун Такелеев.

-Мамлекет бизге жардам бербесе, тим эле койсунчу, болгону биздин ишибизге жолтоо болбосун. Ар бири эле келип алып, ишибизден кемчилдик издеп, анан «мындайды кыргызча эле сүйлөшөлү» дегенсип турушат. Мындан биздин ишибиз илгерилебейт.

Ишкерлерди бийлик органдарынын мыйзамсыз текшерүүлөрүнөн жана кримчөйрөнүн басымынан коргоо жагы өкмөттө бир нече жылдан бери көтөрүлүп келет.

Бирок талдоочулар өзгөрүүлөрдүн ылдам ыргакта жүрбөгөнүн айтышууда.

Copyright © 2017 Maral FM