Биз менен байланышыңыз

Абылгазиев: ЕАЭБ алкагында финансылык колдоо институтун түзүү зарыл

Кыска кабар | 27 Ноя 2018 | 864 | 0

ЕАЭБге мүчө-мамлекеттердин экономикасын жакындаштыруу, интеграциялык процесстерди тереңдетүү үчүн финансылык колдоо институтун түзүү зарыл. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Минсктеги жыйында билдирди.

Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин (ЕӨАК) жыйынында бир катар маселелер каралды. “ЕАЭБде финансылык жардам институтун киргизүү биригүүдөгү көптөгөн процесстердин «катализатору» жана тездетүүчүсү боло алмак. Кыргызстан буга чейин ЕАЭБ Өнүктүрүү жана колдоо институтун түзүү маселесин демилгелеген», — деди Абылгазиев.

Тилекке каршы, бүгүнкү күнү колдоо таппай жаткандыгын белгилеп, “комиссияга тийиштүү сунуштарды киргизүү менен бул маселени изилдөө боюнча иштерди активдештирүүнү тапшырууну сунуш кылабыз”, — деп кошумчалады.

Жыйынтыгында өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргызстан ЕАЭБ менен өз ара аракеттешүүнүн бардык багыттары боюнча иштөөгө даярдыгына өзгөчө көңүл бурду.

Copyright © 2017 Maral FM