Биз менен байланышыңыз

Абылгазиев: ЕАЭБ колдоо институтун түзүүнү колдобой жатат

Кыска кабар | 27 Ноя 2018 | 887 | 0

ЕАЭБ алкагында колдоо институтун түзүү демилгеси колдоо таппай жатат. Мындай пикирин өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев айтты.

«Буга чейин Кыргызстан тараптан ЕАЭБ алкагында өнүктүрүү жана колдоо институтун түзүү демилгеси берилген. Бирок бүгүнкү күнгө чейин сунуш колдоо таппай келет. Мүчө мамлекеттер буга кызыктар болбогонун көрүп турам. Ошондуктан комиссия бул багыттагы ишти тездетүүнү өтүнөбүз», — деди.

Муну менен Кыргызстан тараптин бир катар сунуштар берилди:

-ЕАЭБ алкагында кымбат бааланган өндүрүштү жандантуу;

-Өлкөлөр ортсунда күчтүү кооператив түзүү;

-Агротармакта ЕАЭБ мамлекеттер ортосунда атайын программа кабыл алуу.

Белгилей кетсек, учурда Беларусиянын Минск шаарында Евразия өкмөт аралык кеңешинин (ЕӨАК) жыйыны өтүп жатат. Ага биримдикке мүчө-мамлекеттердин өкмөт башчылары катышууда.

Copyright © 2017 Maral FM