Биз менен байланышыңыз

Абылгазиев: ЕАЭБде алкоголдук рынок жөнгө салынат

Кыска кабар | 27 Ноя 2018 | 856 | 0

ЕАЭБ алкагында алкоголдук рынок жөнгө салынат. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Минскте өтүп жаткан жыйында айтты.

Анда өкмөт башчылардын тар чөйрөдөгү жыйынында ЕАЭБ алкагында алкоголдук рынокту жөнгө салуу тууралуу сөз жүргөнүн айтты. Бул тармактын бизнеске таасири чоң экени баса белгиленди.

Белгилей кетсек, учурда Беларусиянын Минск шаарында Евразия өкмөт аралык кеңешинин (ЕӨАК) жыйыны өтүп жатат. Ага биримдикке мүчө-мамлекеттердин өкмөт башчылары катышууда.

Copyright © 2017 Maral FM