Биз менен байланышыңыз

Динара Кемелова Токиодогу жыйынга катышты

Кыска кабар | 27 Ноя 2018 | 796 | 0

Бүгүн, 27-ноябрда Тышкы иштер министринин биринчи орун басары Динара Кемелова Токио шаарындагы жыйынга катышты. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы билдирди.

«Борбордук Азия + Япония» диалогуна катышуучу-өлкөлөрдүн улук кызмат адамдарынын жыйыны 26-27-ноябрь күндөрү болду. Иш-чара катышуучу-өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлеринин орун басарларынын деңгээлинде өттү.

Жыйында туризм, транспорт жана логистика, айыл чарбасы, соода, инвестициялар, өнүктүрүү маселелери айтылды. Бул маселелер боюнча Борбордук Азия мамлекеттеринин Япония менен регионалдык кызматташуусунун келечеги талкууланды.

Тышкы иштер министринин биринчи орун басары Динара Кемелова япон тарабына Кыргызстандын аймагында регионалдык Борбордук-азиялык дата-борборлорду өнүктүрүү боюнча долбоорлорду ишке ашырууну колдоону сунуштады.

Ошондой эле Кыргызстандын 2040-жылга чейин жаңы улуттук стратегиясы жөнүндө айтып, япон тарабын ири долбоорлорду ишке ашырууда көмөк көрсөтүүгө чакырды.

Copyright © 2017 Maral FM