Биз менен байланышыңыз

Арапбаев: Статистика премьер-министрдин оң колу болушу керек

Кыска кабар | 27 Ноя 2018 | 687 | 0

Кыргызстанда статистикалык маалыматтар жарыяланган соң эч ким жыйынтык чыгарбайт. Бул тууралуу бүгүн, 27-ноябрда депутат Азамат Арапбаев комитет жыйынында билдирди.

Анын айтымында, статистикалык маалыматтардын негизинде экономиканы колдоо боюнча чаралар көрүлүшү керек. Мамлекеттик органдар кайсыл жакка жеңилдиктер зарыл экендигин түшүнүш үчүн аны дыкат изилдеши кажет.

“Биз инвестиция, рынокту колдоо боюнча көп айтабыз, бирок нормалдуу статистикалык маалыматсыз бул нерсе мүмкүн эмес. Өнүккөн өлкөлөрдө статкомитет премьер-министрдин оң колу болуп эсептелет. А бизде көңүлдөн сырт калган,” – деди Арапбаев.

Ошондой эле кайсыл бир тарапка жиңилдиктер берилген менен башка ишкерлер зыян тартып калып жатат. Эгерде статистикалык маалыматтарды жакшы билишкенде, мындай маселе болмок эмес деп кошумчалады.

Copyright © 2017 Maral FM