Биз менен байланышыңыз

Токтакунов: Бир күнү Жээнбековго да куугунтук болушу мүмкүн

Пикирлер | 26 Ноя 2018 | 519 | 0

Конституциялык палата экс-президенттердин кол тийбестигин алып салса, президент Сооронбай Жээнбеков айла жок сот реформасын баштамак. Мындай пикирин укук коргоочу Нурбек Токтакунов “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, бир күнү Жээнбековдун үстүнөн деле куугунтук болушу мүмкүн.

«Экс-президенттин кол тийбестигин биринчи болуп мен көтөрдүм. Мен Атамбаевди эмес Сооронбай Жээнбековду ойлоп, ушул маселени алып чыктым. Мыйзамдуулук болсо, саясий күрөштөргө жол ачылат. Ошондо жаш жана күчтүү саясатчыларга мүмкүнчүлүк берилет. Мыйзам коом тарабынан эң жек көрүлгөн адам үчүн да иштесе, анда ал мыйзам баарыбызды сактайт. Бирок өлкөдө мыйзамдар тандалма иштейт»,-дейт Токтакунов.

Ал буга кошумча, мыйзамдарды коргоо башкы максаты болгонун айтып, парлементке келүү ниети жок экенин белгиледи.

Copyright © 2017 Maral FM