Биз менен байланышыңыз

Токтакунов: Жээнбековдун штабынын маалыматын өзүм ишенип чыгардым

Пикирлер | 26 Ноя 2018 | 574 | 0

Укук коргоочу Нурбек Токтакунов “Марал” радиосуна берген маегинде өлкө башчы Сооронбай Жээнбековдун штабы шайлоодо короткон каражаттар тууралуу маалыматты кимден алганын айта албай турганын билдирди.

Анын пикиринде, маалыматтын кимден келгени эч кандай мааниге ээ эмес.

«Мүмкүн ал маалымат Атамбаевден же Фарид Ниязовдун өзүнөн келди, айырмасы жок. Анткени ал кимден келбесин, өзүнүн маанисин жоготпойт. Мен аны карап көрүп, ишенип, андан соң чыгардым. Журналисттер караса, ал маалымат такталат деп ишендим. Укук коргоо органдары дагы текшериши керек болчу. Баары эле чындыкка окшош болуп жатпайбы»,-дейт Токтакунов.

Ал коомчулукта «Токтакунов жарыялаган маалыматта эч кандай мөөр жок, кол коюлган эмес, ал жөн гана компьютерде жасалган» деп айтылып жаткан сындарга төмөнкүдөй жооп кайтарды.

«Чёрный» кассага ким кол коймок эле? Бул жакта башка көйгөйлөр да бар. Расмий маалымат жетиштүү болбой жатат. Мисалы, шайлоо өнөктүгүнө кимдер канча акча берип, аны кайда таратып жатканы боюнча маалымат жок. Расмий маалыматтар жок болсо, ушундай маалыматтар чыгат»,-дейт Токтакунов.

Ал экс-президент Алмазбек Атамбаев жана КСДПнын төрагасынын мурдагы орун басары Фарид Ниязов менен жолукпаганын жана жарыялаган маалыматтардын чындыгын тактоо үчүн эч бир орган бирге иш алып баруу боюнча кайрыла электигин кошумчалады.

Эске салсак, 15-ноябрь күнү укук коргоочу Нурбек Токтакунов фейсбуктагы өзүнүн баракчасына 2017-жылдагы шайлоодо президенттикке талапкер Сооронбай Жээнбековдун шайлоо өнөктүгүнө 1 миллиард 170 миллион сом жана 7 миллион долларга чукул каражат жумшаганын жарыялаган.

Copyright © 2017 Maral FM