Биз менен байланышыңыз

«Жээнбеков парламентке баш ийген партияларды алып келүүгө даярданып жатат»

Пикирлер | 26 Ноя 2018 | 841 | 0

Өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков экс-президент Алмазбек Атамбаевдин технологиясын колдонуп, бийликке өзүнө баш ийген партияларды алып келүүгө даярданып жатат. Ага жеткирбеш керек. Мындай пикирин укук коргоочу Нурбек Токтакунов “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, парламентке жаңы саясий күчтөр, партиялар барышы керек.

«Бүт баары эскилер да,  жаңылар да барсын. Бирок саясий күрөш, көз карандысыз партиялар болушу керек. Баары президентке ыктап кетсе, сот, прокурорлор баары өлкө башчыга кызмат кылып калат. Укук коргоо органдары — уюшкан кылмыштуу топ. Анткени кылмыштуу топтор бул органдарга кызмат кылат. Жада калса, президенттер дагы ушул системага кызмат кылат. Канча президент алмашты, бирок ошол эле тергөөчүлөр дагы эле кызмат кылышууда»,-дейт Токтакунов.

Токтакунов мындай терс көрүнүштөн арылуу үчүн Конституциялык реформага барыш керектигин айтат. Анткени анын пикиринде, президент бийлик бутактарына башчы болуп жатат.

«Президент Башкы прокурорду, УКМКны көзөмөлдөп, алардын күчүн колдонуу менен бизге хан болуп жатат. Ошондуктан күч органдарын президенттин кол алдынан алыш керек. Ошондо саясий күрөш болушу мүмкүн. Бирок азыр Конституциялык реформа жасоого дагы коркунучтар бар»,-дейт укук коргоочу.

Copyright © 2017 Maral FM