« — Мен купенин керебетинин үстүӊкү кабатында элем. Баарысын сезип туйдум. Бири-бирибизди мындан ары көрбөшүбүздү да билгендей болдум. Ошондон го буркурап ыйлай бердим. Көзгө сайса көрүнгүс караӊгы түндү как жарып өксүп жаттым. Апам гана улам- улам мени сооротот, жалбарат:
— Жалгыз эмеспиз, уулум, карачы, элдер бар, жалгыз эмеспиз…» ,- деп эскерип жазган жазуучу Чынгыз Айтматов «Балалык» китебинде, «Атамдан калган элестер» бөлүмүн. Ал эми мен ушул үзүндүнү эфирде окуп жатып, эженин көзүнөн токтобой аккан жашты көрө өкүнө түштүм.
“Эмнеге маек башында эле атасын эстете калдым» деп алдастап, башка суроо берүүгө шаштым. Бирок маектешим атасына арналган китебин алып чыгып, аны өмүрү көрбөсө дагы атага болгон улуу сагыныч, куса, сыймыктануу, анан да тагдырга моюн сунган сабыр менен жуурулушкан сөзүн, сөздүн нугун өзгөртпөй туруп алды. Ал гана эмес, — Агам Чынгыз, 9 жашынан баштап мага ага дагы, ата дагы болуп тарбиялады. Мен аны көпкө чейин келчүдөй күттүм. Себеби мага азыр анын мээрими, атадай камкордугу жетпей турат,- деп сүйлөп олтурду. Ушундан улам мен бүгүн аталар тууралы айткым келди.
Кыргызда атанын орду башка. Кыргыз жашоосунда эне темасына канчалык көп кайрылганыбызга карабай, чеп сыяктуу сырттан коргоп турган улуу күч аталарда. Бул чеп бузулганда элге дүрбөлөӊ түшүп, эл чачылган, эл бөлүнгөн. Тээ абалкы «Манас» эпосуна карасак да ошондой. Манас өлгөн соӊ Каныкей кайын энесин, баласын алып төркүнүнө качат. Эл бөлүнөт, журт тарайт.
Бирок кандай кырдаал болбосун кыргыз энелери атанын ордун бийик коюп келген. Ошол себеп да кыргыз жигиттери намыстуу, баатыр, эр көкүрөк, эр жүрөк деп сыпатталгандыр. Маселен Манасты, Манас кылган Каныкей эне да, уулу Семетейге атасын тааныштырып жатып,
«Айкөл Манас шер эле,
Бир жаралган эр эле,
Ичин карап олтурсаӊ,
Жер жүзүнөн кеӊ эле»,- деп сүрөттөгөн. Салыштыруу укмуш.
Кызыгы, бул абал кийин залкар жазуучу Чынгыз Айтматовдун тагдырында да так ушул негизде кайталанат. 1936- жылы Төрөкул Айтматов төрт баласын, аялын Казань автобекетинен кичи мекенине узатат. Алар Таласка келгенден кийин өтө оор күндөрдү баштарынан өткөрүшөт. — Айылда атамдын эжеси Карагыздын сокмо дубалдан тургузулган үйүндө жашадык. Көп кыйынчылык күндөрдү көрдүк, бирок апам Нагима бир да жолу алсыздыкка алдырбады. Тескерисинче, “Карагылачы, биздин тоолор кандай керемет. Ушулардын баары биздин тоолор эмеспи,”-деп, Манас-Ата тарапты жаӊсап көрсөтчү. Мен азыр балдарымды апам тарбиялаганчалык мекенчил абалга тарбиялай албай жатам»,- деп жазганы бар залкар жазуучунун.
Ал эми карыя жашына келип калса да, атасына болгон кусасы өзү менен бирге чоӊойгон, атага болгон сагынычын кайда барса жанында бирге ала жүргөн коомдук ишмер Роза Айтматова,- Атам менин көз алдымда апам айтып берген элес боюнча сакталып турат. Жаш, сымбаттуу… Бизди бала кезде официалдуу мекемелер “эл душманынын балдары” деп атачу бизди. Бирок апам,- Эч кимге ишенбегиле, алар ошентип атай берсин. Силердин атаӊар жакшы адам гана эмес, мактана турган адам, -деп айтып чоӊойткон. Ошондуктан атабыз жок болсо да, аталуу кишидей башыбызды бийик көтөрүп өстүк, — деп эскерет, Сыймыктанат…
Башта айткандай ата-чеп, ата-артыӊда таянаар аска-зоо, күчтүү коргоочу!
Ал эми азыр аталар кандай орунда? Биз, жаӊы кыргыз апалар, аталарды бийик орунга коё алдыкпы? Мына ушул мени ойго салат…