Биз менен байланышыңыз

Курултай — куру үмүтпү?

Саясат | 26 Ноя 2018 | 788 | 0

Саясий-коомдук уюмдардын курултайы буга чейин бир гана оппозициянын өкүлдөрүнүн катышуусу менен өтүп келген болсо, бул жолкусунда бийликтин өкүлдөрү да катышты. 

«Кечээ. Бүгүн. Эртең» аталышындагы курултайга жалпы 600дөй адам катышты. Ошондой эле президенттик аппараттын жетекчисинин орун басары Алмаз Кененбаев, вице-премьер-министр Жеңиш Разаков келди.

Жогорку Соттун мурдагы төрагасы Курманбек Осмонов бул курултайда мурдагылардан айырмаланып, саясий партиялар, коомдук уюмдар, жеке саясатчылардан конструктивдүү адамдар чогулганын байкаган.

Анын айтымында, ар кандай көз караштар болуп, түрдүү пикирлер айтылды. Бул — мыйзам ченемдүү көрүнүш. Бир гана өкүндүргөн жери курултайга келген айрым адамдар тартипти бузуп, ордунда кыйкырып, сүйлөгөндөрдүн сөзүн бузду.

—Бийлик дагы, башка саясий коомдук уюмдар дагы эске ала турган маселелер көтөрүлдү. Курултайга бийлик өкүлдөрү катышты. Бирок курултайдан кийин баары жакшы болуп, жыргап калабыз дегенден алысмын. Эгерде айтылган сунуштарды бийликтегилер иш-чара кылып аткарса, анда жыйынтык болот.

Ал эми коомдук ишмер Сабыр Муканбетов курултайдан кийин чоң өзгөрүштөр же кескин чаралар болот деген ойдон алыс. Анын айтымында, курултайдын өткөрүлүшү өлкөдө эркиндиктин бар экендигинин далили. Бул фактыны көрүү үчүн курултайга келген. Жыйында катышуучулар тарабынан жакшы сунуштар айтылганын белгиледи.

-Баяндамалардын ичинен экс-президент Алмазбек Атамбаевдин ишмердүүлүгүнө укуктук, саясий баа берүү сунушу абдан туура болду. Бул элдин колдоосуна алынды. Азыркы президент Сооронбай Жээнбековдун ишине канааттандырарлык деген баа берилди. Ошону менен бирге президенттен чечкиндүү кадамдар, айрыкча сот реформасы жакшы болбой жатканы айтылды.

Мындан тышкары, Муканбетов бүгүнкү күндө деле президенттин үстөмдүгү болуп жатканы боюнча көтөрүлгөн маселени негиздүү деп санайт.

Жогорку Кеңештин V чакырылышынын депутаты Ахматбек Келдибеков чогулушта ачуу сын-пикирлер айтылды деп эсептейт.

Анын пикиринде, жыйынга президент, өкмөт жана парламенттин өкүлдөрү келип катышуусу жакшы жагдай. Себеби курултайда айтылган ар нерсе талданып, иш жүргүзүлөт. Андан кийин тиешелүү жыйынтыктар чыгат.

-Курултай Баш мыйзамда каралган институт болуп эсептелет. Ошону үчүн курултайдын өтүп жатканына бардык бийлик өкүлдөрүнүн келип катышуусу туура. Ал эми баа берүү келечекте мурункулар кетирген кемчиликти кайра кайталабоо болуп эсептелет.

Мындан тышкары, Ахматбек Келдибеков курултайда экс-президент Алмазбек Атамбаевдин ишмердүүлүгүнө жана мамлекет башчынын ишине берилген баага кошулат.

Ал эми юрист Нурбек Токтакунов бул чогулушта айтылган сөздөр президент Сооронбай Жээнбеков тарапка ыктаганын көрсөттү деп эсептейт.

-Айрым айтылган сөздөр Жээнбековго ыктагандай болду. Кошоматчылар да чыгып жатты. Бирок курултайдын негизги милдети азыркы бийликке саясий баа берип, көзөмөл кылуусу керек.

Белгилей кетсек, жыйында 44 делегат сөз сүйлөп, 300дөн ашык сунуш келип түшкөнү кабарланды. Аймактан келген делегаттар сөз жетпей калганына нааразы болушту.

Copyright © 2017 Maral FM