Биз менен байланышыңыз

Бекназаров президент кыска убакытта жасай турган иштерди атады

Кыска кабар | 24 Ноя 2018 | 671 | 0

Саясатчы Азимбек Бекназаров азыркы президент Сооронбай Жээнбековдун кыска убакыт ичинде Конституциялык реформаларга барышы керектигин эскертти. Ал элдик курултайда сөз сүйлөп, мурунку президенттер өзүнүн бийлигин бекемдөө үчүн 8 жолу реформа жасаганын айтты.

Сооронбай Жээнбеков эми тескерисинче, бийликтин ар бир бутагы өзүнүн функциясын толук аткара турган кылып, жоопкерчиликти да өзү ала тургандай шарт түзүүсү керек. Ал үчүн бийликтин ээси болгон элден  башкарунун кайсы түрүн тандаарын билип алуусу керек. Эгер президенттикти жактырса, анда АКШдай болуп президент баардык жоопкерчиликти өзүнө ала турган болот. А парламенттик башкарууга өтөбүз десе, Европадай болуп, негизги башкаруу парламентте болот да, өзү символикалык президент болуп калат,-деди ал.

Кошумчалай кетсек, иш-чарага 19 саясий партиядан 239 адам, 28 коомдук жарандык уюмдан 358, 90 ардактуу конок, 27 массалык маалымат каражаты катышууда. Президенттик аппараттын жетекчисинин орун басары Алмаз Кененбаев жана вице-премьер-министр Жеңиш Разаков да келген.

Copyright © 2017 Maral FM