Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда “Делбирим” тасмасы 6-декабрда көрсөтүлөт

Кыска кабар | 23 Ноя 2018 | 1588 | 0

Чыңгыз Айтматовдун чыгармасынын негизинде тартылган “Делбирим” тасмасы 6-декабрдан тарта көрсөтүлө баштайт. Бул тууралуу centralasian.org. сайты жазды.

Кыргыз-өзбек киночулары биргеликте тарткан тасманын сценарийин драматург Керез Зарлыкова жазган. Тартуу иштери Өзбекстандын Наманган жана Ташкент облустарында, Кыргызстандагы Ысык-Көл облусунда жүргөн.

Тасмада башкы ролдордо Ильяз жана Байтемирди өзбек актёрлору Адиз Ражапов жана Улукбек Кадыров ойношкон. Асель жана Кадичанын ролун кыргыз актрисалары Мадина Талипбек жана Элина Абай кызы аткарышкан.

Белгилей кетсек, тасма 16-ноябрда «Сарвқомат дилбарим» аталыш менен Өзбекстанда көрсөтүлгөн.

Copyright © 2017 Maral FM