Биз менен байланышыңыз

Педагог: Тарбиячынын психикасын оңдоо үчүн айлыгын көтөрүш керек

Күн чабыт | 23 Ноя 2018 | 1940 | 0

Жалал-Абад шаарындагы бала бакчалардын биринде тарбиячы жаш бөбөктөрдү сабап жатканы боюнча видео тасма интернетке тарады. Бул видео шаардагы №21 “Учкун” балдар бакчасында тартылганы маалым болду.

Учурда тасманы тарткан жана балдарды сабаган тарбиячы жумуштан алынып, ага карата Кылмыш жаза кодексинин «Жашы жетпегенди тарбиялоо боюнча милдеттерди аткарбоо» беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Тарбиячы үй кам агына алынып, тергөө иштери жүрүп жатат.

Ушул теманын алкагында педагогика илимдеринин кандидаты Куштарбек Кимсанов менен «Күн чабытта» маек курдук.

Марал: Жалал-Абаддагы бала бакчада тарбиячы балдарга орой мамиле кылгандыгын баарыбыз көрдүк, бул эмнеден кабар берет? Бала бакчаларга тарбиячыларды кандай негизде алыш керек?

Куштарбек Кимсанов: Бул окуядан кийин алдын алуу жумуштары болгон эмес деп айтуудан да алысмын. Негизи бул туура эмес иш аракетке барган тарбиячынын эле шору. Анткени “жыргаганымдан жылкы бактымбы” дегендей эле, ал бала тарбиялоодон четте боло турган мүнөздөгү тарбиячы экен. Мындай тарбиячылар башка тармактан жумуш издегени жакшы. Ал эми анын психологиялык абалы жөнүндө алдын ала эч ким эч нерсе айта албайт. Психологиялык жактан жабыркаган адамдардын педагог же тарбиячы катары ишке алынып калышы анын кандай абалда экендигин алдын ала биле албагандыктан деле болот. Ошол эле учурда психологиялык оорулуулар деле андай абалын жашырып коюшу мүмкүн. Жумушка кабыл алып жатканда эмне документтерди тапшырганын караш керек.

Марал: Тарбиячыларды ишке аларда психикасын текшериш керекпи?

Куштарбек Кимсанов: Ооба текшериш керек деп айтсак болот. Бирок мектеп, бала бакчаларга тарбиячыларды алууда анын психикасын текшерүү мүмкүнчүлүк жок. Атайын текшерүүчү жайда дарыгерлер атайын жашырып да коюшу мүмкүн, жаран өзү да жабыркаганын айтпай койгон учурлар болуп эле жүрөт.

Марал: Мындай мамиле баланын психикасына кандай таасир этиши мүмкүн?

Куштарбек Кимсанов: Кыргызда “бала музоосунда сүзүлүп калды” деген сөз бар. Ошол сыңары бала турмушта бир топ жалтанган, айлана-чөйрөдөгү адамдарга болгон мээрими жок болуп, мамилеси өзгөрө баштайт. Ата-эне баласын мындай абалдан сактаганга дайыма аракет кылышы керек. Себеби бала дайыма эркин өсүп, жабыркоолор, басмырлоодон алыс болгондо гана өз жашоосун жакшы нукка бурганга жөндөмдүү болуп чоңоет. Ошондуктан ата-энелер баласын бакчага берип гана койбостон ал жерде кандай негизде каралып жаткандыгы жөнүндө кабардар болушу өтө маанилүү. Себеби кээ бири ата-энеге көрсөтпөй туруп деле психологиялык жактан басмырлоо көрсөтүшү мүмкүн.

Марал: Бул көрүнүштөн улам башка бала бакчаларды да текшерүү зарылбы?

Куштарбек Кимсанов: Бизде текшерүү чыныгы ак пейил, адилеттүүлүк менен жүрсө гана жыйынтык чыгат. Бирок көп учурда коркутуп-үркүтүп, чочулатуу аркылуу коллективдеги педагогикалык абалды да удургуткан текшерүүлөр жүрүп кетиши ыктымал. Ошондуктан текшерүүнү кылдат жүргүзүп, күч органдары эмес, тийиштүү министрликтин өкүлдөрү, туура ыкма менен гана жүргүзүү керек.

Себеби акыркы кездердеги текшерүүлөр бала бакчадагы иштегендерди каржылык жактан кысып койгонун көрүүдөбүз. Акыркы жылдарды алсак, тарбиячы 3-6 миң сом эмгек акы алса, атайын үй-бүлөдө жеке тарбиячы катары иштегендерге 10-15 миң доллар акча төлөп беришет. Андан эки эсе көп баланы тарбиялаган тарбиячынын айлыгы жарыбаган акча. Аларга да көңүл бурууну айлыктарын кескин түрдө жогорулатуу, шыктандыруучу аракеттерди жасамайын мыкты тарбиячыларды мамлекеттик балдар бакчасына тартуу кыйын.

Көпчүлүк мамлекеттик бала бакчаларда тарбиячылар улам алмаша бергендин себеби дагы жалгыз же эки адамдын 30 баланы эртеден кечке карашы тозоктун ишиндей, ошол себептен өзүнүн үй-бүлөсүндөгү жагдайларды да чече албай өмүрү өткөн тарбиячылар көп. Ошондуктан мамлекеттик бала бакчалардагы тарбиячыларга ар тараптуу көңүл бурса гана балдарга зомбулук көрсөтүү маселесин чечүү жеңилирээк болот.

Жалпы республикалык тестирлөөдөн эң төмөн баа алгандар педагогикалык багытка барып жатышы дагы билим берүүдөгү көйгөйлөр али чечилбейт дегенди билдирет.

Жалал-Абадда балдарга орой мамиле кылган тарбиячы иштен алынды

Copyright © 2017 Maral FM