Биз менен байланышыңыз

Жалал-Абадда балдарга орой мамиле кылган тарбиячы иштен алынды

Кыска кабар | 22 Ноя 2018 | 954 | 0

Жалал-Абад шаарындагы балдар бакчаларынын биринде наристелерге орой мамиле жасаган тарбиячы жана бала багуучу кызматынан бошотулду. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык билим берүү бөлүмүнөн билдиришти.

Шаардагы №21 балдар бакчасында тарбиялануучу менен бала багуучу балдарга орой мамиле жасаганы тууралуу видео-тасма социалдык тармактарга таркап кеткен.

Буга байланыштуу тарбиячы Иляз кызы Ширин жана бала багуучу Мубина Дарманбекова ээлеген кызматтарынан бошотулушту. Ал эми балдар бакчасынын башчысы Оксана Щербинага ушундай кемчиликтерге жол бергени үчүн сөгүш жарыяланды.

Бул терс көрүнүштөн кийин шаар мэриясы бардык балдар бакчаларындагы иштерге мониторинг жасоо боюнча буйрук чыгарды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM