Жалал-Абадда балдарга орой мамиле кылган тарбиячы иштен алынды

Жалал-Абад шаарындагы балдар бакчаларынын биринде наристелерге орой мамиле жасаган тарбиячы жана бала багуучу кызматынан бошотулду. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык билим берүү бөлүмүнөн билдиришти. Шаардагы №21 балдар бакчасында тарбиялануучу менен бала багуучу балдарга орой мамиле жасаганы тууралуу видео-тасма социалдык тармактарга таркап кеткен. Буга байланыштуу тарбиячы Иляз кызы Ширин жана бала багуучу Мубина Дарманбекова ээлеген кызматтарынан бошотулушту. … Читать далее Жалал-Абадда балдарга орой мамиле кылган тарбиячы иштен алынды