Биз менен байланышыңыз

Пакистандагы жардыруудан кеминде 30 киши набыт болду

Дүйнө , Кыска кабар | 23 Ноя 2018 | 557 | 0

Пакистандын түндүгүндөгү Хангу аймагындагы жардыруудан 30 киши каза болуп, жарадарлардын саны 40ка жетти. Бул тууралуу өлкөнүн коопсуздук кызматы билдирди.

Кызматтын маалыматы боюнча алыстан башкарылуучу жардыргыч зат шаардагы диний окуу жайдын дарбазасынын жанында мотоциклге таңылып, жардырылган. Набыт болгондордун ичинен үчөө жаш бала болгон. Буга чейин жалпы 25 курман болгону айтылса, алар акыркы саатка 30га чыкты.

Жергиликтүү бийликтин билдиришинче жабыр тарткандар бары бейтапканага жеткирилип, кылмыш ишин иликтөө жүрүп жатат.

Кошумчалай кетсек, бугун үч кишиден турган топ автоунаасы менен келип, Карачи шаарындагы Кытай мамлекетинин элчилигине ок чыгарышкан. Коопсуздук кызматы дароо токтотууга аракет кылып, натыйжада, эки полиция кызматкери коз жумган.

 

Copyright © 2017 Maral FM