Биз менен байланышыңыз

Ысык-Көл: медициналык камсыздандыруудан кабары жоктор көп

Ден соолук | 22 Ноя 2018 | 842 | 0

Ысык-Көл облусунда милдеттүү медициналык камсыздандыруудан калктын 62 пайызы өткөн. Мындай көрүнүшкө жашоочулардын медициналык укугу биле бербегени себеп болууда.

Нурбүбү Оморова-Жети-Ѳгүз районун Богатыровка айылынын тургуну. Ал жакынкы убакта эле пенсияга чыкты. Эми алдыда медициналык жактан дары-дармекке жана стационардык дарыланууга жеңилдиктер боло турганын айтат.

Биз 15 жыл бою айылда жер иштеткенбиз. Ал кезде өзүм да бала экем, документке деле маани бербей, эмгек китепчемди жоготуп алгам. Андан кийин эле жолдошум иштегениме каршы чыгып, үйдө отуруп калдым. Беш баланы тарбиялап өстүрдүм, эми гана пенсияга чыктым. Анда пенсионерлерге медициналык жактан жеӊилдиктер болот экен деп угуп жатам. Бул жардам мен үчүн жакшы эле болот.

Бирок облустагы жашоочулардын 38 пайызы медициналык камсыздандыруу тууралуу маалыматтан кабарсыз. Себеби алардын көпчүлүгү жумуш менен камсыз болушкан эмес. Арасында айрым гана улгайган адамдар дары-дармекти жеңилдик менен сатып алса, көпчүлүгү болгон баасына сатып алып келишкенин жашырбайт.

-Мен өзүм пенсионермин, жүрөгүм да ооруйт. Мен эле эмес абышкамдын да ден соолугу начар көп дары керектейбиз. Эч жерден, эч кандай жеӊилдетилген жардам алган жокпуз.

-Ал эми бизге ооруканадан атайын жеӊилдетилген дары-дармекти жазып беришет. Экинчиден айрым дарыканалар керектүү каражаттарды 5%дык жеӊилдетүү менен беришет.

-Мен медициналык камсыздандыруу, жеӊилдетүү боюнча туугандардан угуп калам. Мисалы, менин улуу жеӊем кан басымы бюнча пенсияга чыгып алып, муктаждыктарын арзан жана оӊой чечип алат. Жеке өзүм бул ыкманы колдонуп көргөн эмесмин.

Мындан улам, облустагы милдеттүү медициналык камсыздоо башкармалыгы жергиликтүү жашочулардын укугу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Аталган башкармалыктын жетекчиси Төлөндү Кыргызбаев учурда аймак боюнча болгону 62% жарандар медициналык камсыздандырылганын белгиледи.

-Эгер медициналык камсыздандыруудан кабар албаган жарандар болуп калса, бизге кайрылса болот. Айрым учурда гана кайрылгандар болуп жатат. Биз алардын укугун коргоп берүүгө жардам берип жатабыз. Тактап айтсак, жыл башынан бери 103 адам кайрылды. Бул көрсөткүчтү аз же көп деп айта албайбыз. Себеби биздин системанын киргени быйыл 21 жыл болду. Жалпылап айтканда, бул убактан бери жарандарыбыз өзүнүн укугун билүүгө үйрөнүп калышты.

Ал эми бүгүнкү күндө камсыздандыруу боюнча керектүү маалыматтар өзгөчө элет жергесине жайылып жаткандыгын башкармалыктан кошумчалашты. Эгер кандайдыр бир түшүнбөстүктөр болсо, 113 бирдиктүү кызматына кайрылып, маселеси тууралуу билүүгө болот. Эгер калган жарандар толук кандуу медициналык камсыздандыруудан өтсө, төмөндөгүдөй жардам болорун облустук үй бүлөлүк дарыгерлер борборунун мед айымы Гулия Ахметова айтып берди.

Медициналык жеӊилдиктер булар стационардык жана амбулатордук дарылануу жагынан жардам болуп эсептелет. Башкача айтканда, бейтаптарга анализдер, УЗИ жана башка аппараттык текшерүү бекер жүргүзүлөт. Ошондой эле бизде дары-дармек боюнча жеӊилдетилген курамы бар. Мындан сырткары кош бойлуу аялдар да бир жылга милдеттүү камсыздандырылат. Алар көз жарганга чейин керектүү витаминдерин жарым баасына алышат, деди ал.

Copyright © 2017 Maral FM