Биз менен байланышыңыз

Жарандык 331 адамга берилип, 364 адамдан алынды

Кыска кабар | 21 Ноя 2018 | 794 | 0

Бүгүн, 21-ноябрда президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандын жарандыгын берүү жана алуу боюнча жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Анын негизинде 331 адамга жарандык берилип, 364 адамдын жарандыгы алынды. Жарандыгы алынгандар арасында 305 чоң адам жана 59 жаш бала бар.

Жарандык берилгендер катарында 286 чоң адам, 45 жаш бала болгон. Алардын баары тарыхый мекенине кайтып келген этникалык кыргыздар болуп эсептелет.

Copyright © 2017 Maral FM