Биз менен байланышыңыз

«Этникалык кыргыздардын маселесин чечүүдө мамлекеттик программа болушу керек»

Кыска кабар , Пикирлер | 18 Фев 2021 | 831 | 0

Этникалык кыргыздардын жалпы маселесин чечүү үчүн мамлекеттин программасы болушу керек. Бул көйгөйдү бир эле органдын үстүнө жүктөө туура эмес. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Чынара Урумкалиева «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстанда ички жана тышкы мигарциянын саясатын бир орган жүргүзүшү керек. Учурда баары чаржайыт, ар ким өз саясатын жүргүзөт.

Урумкалиева өлкө эгемендүүлүк алгандан бери 30 өкмөт башчы алмашканын, анын артында мамлекеттик органдардын жетекчилери кошо алмашарын айтып, сынга алды.

«Ар бир жылы жаңы жетекчи менен иштешүү кызматкерлерге да стресс. Жетекчи жумушту түшүнүп келе жатканда, башка премьер-министр келет да, жаңы директорду дайындайт. Этникалык кыргыздардын документ маселелери чечилбей жатканынын бирден бир себеби — кадрлардын бат-баттан алмашуусу. Этникалык кыргыздар жарандык алуу үчүн ижарага алган үйүнүн ээсин ээрчитип, паспорт столго келиши керек. Жашаган жери боюнча маалымкатты талап кылууну алып салуу же кайрылман саттусун алуунун шарттарын жеңилдетүү зарыл», — дейт Урумкалиева.

Эл өкүлүнүн пикиринде, кайрылман макамын алган этникалык кыргыздарга жарандык берүү маселесин кайра кароо зарыл. Анткени аларга кайрылман күбөлүгүн берүү менен Кыргызстан жаран катары таанып жатат. Буга кошумча этникалык кыргыздар эч жакка чыгып кетпейт, Кыргызстанда калат.

Мамлекет этностук кыргыздарга жер бөлүп берүү менен аларды кызыктырышы зарыл.

Copyright © 2017 Maral FM